Тогуз-Торо райондук администрациясында жыйындар залында Кыргызстандагы Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирлигинин өкүлдөрү Назира Джусупова жана Айзада Калканбековалар райондун тургундары менен бирдикте жыйын өткөрүштү.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандагы жамааттык медиа жана радио туралуу маалымат берилди.Андан соң Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Анара Мааметова медиа туралуу маалымат берип, слайд көрсөттү.
Келген катышуучулар активдүү катышып, медиа радиого тиешелуу суроолорго Назара Джусупова, Айзада Калканбековалар жооп беришти.
Жыйынтыгында жергиликтүү тургундар, районго радио керек экенин айтышты.Райондук статистка бөлүмүнүн башчысы Гульнур Арстанбекова элди каттоо жакында башталат.Ошол убакта радио абдан керек деп өз оюн айтты.
Даярдаган: Анара Мааметова