"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Жарандар тарабынан көтөрүлгөн жер маселеси, коомдук угууда каралып жатат

14 Сентябрь 2021 жыл 13:06
Көрүүлөрдүн саны: 143

Кара-Суу жана Табылгыты айылдарында коомдук угуулар өткөрүлдү. Негизги көйгөйлүү маселе болгон жер маселесин, жергиликтүү тургундар тарабынан сунуштар айтылып, элдик жыйында бекитилген. Калктын ой -пикирин эске алуу менен ижара берилген жерлерди кайрадан иретке келтирүү,ашыкча алынган жерлерди өкмөткө кайтаруу, аз камсыз үй-бүлөлөргө жер берүү максатында октябрь айында инвентаризация жүргүзүлө тургандыгы туралуу толук маалымат, жарандарга жеткирилди

Сары-Булуң айыл аймагынын жыйындар залында коомдук угуу өткөрүлүп жатат

Сүрөттө: Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы Венера Эпээва, айыл өкмөт башчысы Марлис Олжотоев, Табылгыты айыл башчысы Ишен Исаков, жер адиси Артылбек Рысбеков жергиликтүү тургундардын суроо талабына жооп беришүүдө

Негизи эле көп жылдан бери жарандар тарабынан жер маселеси туралуу сунуштар түшүп келген.Быйылкы жаңы шайланган депутаттар да бул маселени колго алып, иш планга киргизилип, элдик жыйында бекитилген. Жергиликтүү элдин талабын аткаруу максатында, сессияда айыл аймактын жер адисинин маалыматы туруктуу комиссиясына угулуп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылган дейт Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Асылкерим Кыдыков.

“Биздин айыл аймакка тиешелүү болгон эки айылда жер боюнча коомдук угуулар өткөрүлдү.Октябрь айында жер үлүш жана ижарага берилген жерлерди кайра тактоо жүргүзүү. Ашык жерлерди жакырларга бердируу боюнча маселелер каралды. Ашыкча алган жерлерди мыйзам чегинде өкмөткө кайтаруу жагы жана бир адамга 5 гектардан  ашык жер берилбегендиги боюнча сунуштар айтылды”.

Ал эми сессияга катышкан айыл тургуну Иният Олоңбашовго кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:

Айыл тургуну Иният Олоңбашов

“Бүгүнкү коомдук угууда эл үчүн жакшы маселелер каралыптыр.Жакынкы арада жер масеселеси чечилет деп жатышат. Буга чейин карапайым элдер жер албай келишкен.Азыр депутаттар, айыл өкмөт менен биргеликте жерди тактап, жери жокторго жер бөлүп беребиз, деп аракет кылып жатышыптыр.Буюрса октябрда көрөбуз го».

Көпчүлүк жаштар тарабынан жер маселесин көтөрүп, сунуштарын айтып, кайрылып келишкен дейт Сары-Булуң айыл аймагынын бюджеттик комиссия боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Чынара Жусубакунова:

Сүрөттө: Оңдон солго биринчи Сары-Булуң айылдык кеңешинин депутаты Чынара Жусубакунова

“Бүгүнкү күнгө чейин айрыкча жаштар тарабынан жер көйгөйүн чечип бергиле деп бизге айтып келишкен.Ошол себептен улам, жер маселеси каралып жатат.15-октябрга чейин жерди инвентиразация жүргүзүп, ашып калган жерлер болсо, тактоо жүргүзүлөт.Эгерде жерлер такталып калса айрым үй-бүлөлөр жер менен камсыз болуп калса социалдык маселелер чечилип калат деген ойдомун”.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Анара Мааметова