"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң: Мектеп окуучуларынын көңүлдүү, жайкы эс алуусу.

14 Июль 2017 жыл 14:32
Көрүүлөрдүн саны: 34

Азыркы тапта жайдын ысык аптабы жүрүп турган кез. Ар бир окуучу жайкы эс алуусун ар кандай өткөрөт. Төмөндө биз Сары-Булуң айылынын мектеп окуучулары каникулду кандай  өткөрүп жатышат деген суроого жооп издеп көрдүк.

Абдылда кызы Айназик 8-класстын окуучучу-  ал тоого барып, эс алып  келгенин айтты.

“Мен каникулдун башын тоодон өткөрдүм. Ал  жакта көңүлдүү болду. Эжеме  жардам берип, ар кандай жумуштарды кылдым. Азыркы учурда айылдамын. Жакында шаарга барып, андан соң, 10күндүк лагерге барып, эс алып келем.”

Ал эми 7-класстын  окуучусу Токтокыдыров Асылбек жайкы эс алуусун, көлгө түшүп, футбол ойноп, өткөрүп жатканын билдирди.

“Мен жайкы каникулду чоң апам менен бирге өткөргөндү жакшы көрөм.Азыр  чөптүн убагы болгондуктан, байкем экөөбүз чөп жыйнап жатабыз.Быйыл күн  ысык, күндүзү көлгө түшөм.Кечкисин  футбол  ойнойм.”

5-класстын  окуучусу Шадыбекова Назгул Ысык-Көлгө барып  келген.Азыркы  тапта китеп окуу менен алек.

                                                                                                                                                            

”Мен жайкы каникулду жакшы өткөруп атам. Китеп окуп атам. Мен  10кундүк  лагерге барып, катышып, өзүмө дем  күч топтоп  алдым. Эми мен мектепке  даярмын.”Жайкы каникул учурунда тоого  барып, эс алып келгендердин  арасында Жылдызбек кызы Элизарида да бар.

“Мен быйыл 5-классты бүттум. Каникулумду тоодон өткөздүм.Апама жардам  берип, куруп жасап, форма сумка алууга даярданып жатам.”

Тогуз-Торо районунда мектеп окуучулары  эс алуучу атайын лагерлер жок. Колунан келген  ата-энелер балдарын  Ысык-Көл   Жалал-Абад   облусундагы лагерлерге жиберип турушат. Ал  эми аз камсыз болгон  үй-бүлөөлөрдүн балдары жайкы   каникулун   үйдө өткөрүшөт.

Сиздер  Сары-Булуң айыл аймагынын мектеп окуучулары, жайкы эс алуусун,  кандай  өткөргөндүгү  тууралу  маекке  күбө  болдуңуздар.

      AUD-20170712-WA0024

 

Даярдаган:    Нуриза   Рыскулова

Жайкы  мектеп  сынагы  учун