"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуңдагы мектепти куруу иши жүрүп жатат

27 Август 2017 жыл 19:30
Көрүүлөрдүн саны: 68

Бул   тууралуу   мектептин  директору  В.Эпеева  билдирди.  Анын  айтымында  мектепти  бүткөрүп  берүү  боюнча  тиешелуу  мекемелерге  кат  жөнөткөн.

 

Мындан  сырткары  2017-жылдын  май  айында  кыргызмедиа  сайтына  жана   super.kg     порталына  билдирүү  берген.  Ошол  билдирүүнун  натыйжасында  мектепке  кат  келип  түшкөн. Бул  катта  мектепти  2017-жылдын  ноябрь  айына  чейин   бүткөрүп  береээри  жазылган.  Азыркы  тапта  мектепти  куруу  иши  жүрүп  жатат.

Бирок  бөлүнгөн  акчанын  ичинде  жылытуу  системасы жана  спорт залы    каралбай  калган..Мектептин  курулушун  бүткөрүү  үчүн  бөлүнгөн  акчанын  суммасы  10 млн  сом. Азыркы  учурда  окуу  корпусу  толугу  менен  бүткөрүлдү.  «Кара-Суу  айылындагы балдар  бош  убактыларын  өткөрүүгө  атайын  спорт  зал  жок  болгондуктан    кылмыштуулук   боюнча  Кара-Суу  айылы    алдыңкы    көрсөткүчтү  көрсөтүүдө».- деп  В. Эпеева билдирди.

Даярдаган:Рыскулова Нуриза