Сары-Булуң айылынын Кара-Суудан Казарманга каттай турган кырына желек жана «Тогуз-Торо Кыргызстандын географиялык борбору» деп Алмазбек Атамбаев айткан сөз орнотулду.
Аземдин катышуучусу Курманалиева Тамара оюн ортого салды:
«Бүгүн Кара-Суу айылында чоң той болуп атат. Марлис уулубуз туу көтөрүп атат, тууну дагы жөнөкөй эле адамдар көтөрө бербейт. Жаш болсо дагы ушул ишти көтөрүп атат. Буга чейин да мечитти түптөгөн ушул жигит болчу, мечит азыркы учурда да иштеп атат. Марлис бул ак үйдө иштей турган бала. Чың ден соолук узун өмүр каалайм.»
Ал эми ушул салтанатка катышып жаткан, балдар спорт мектебинин мугалими Садыков Урмат өз оюн билдирди:
«Мен бүгүн 17-июлда туу көтөрүү салтанатына катышып олтурам. Бул желекти орнотуп жаткан Марлис инибизге чоң рахмат. 2014-жылы президентибиз А. Атамбаев жаңы жолдун ачылышына келгенде Тогуз-Торо Кыргызстандын географиялык борбору деп айткан сөзү бар эле. Ошол сөздү Марлис туунун алдына жазып олтурат. Марлиске жалпы элдин атынан ийгилик каалайм»
Даярдаган: Рыскулова Нуриза.