"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Сары-Булуң айыл аймагында шаайлоочулардын тизмеси такталууда.

25 Сентябрь 2017 жыл 19:30
Көрүүлөрдүн саны: 60
      25september shailoo tizme sarybulun 2017

Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айыл аймагында учурда шайлоочулардын тизмеси такталууда. Шайлоо күнү жакындаган сайын өзүлөрүн тизмеден тактоо  үчүн келген жергиликтүү  тургундардын саны өсүүдө.

Бул тууралуу №2087 шайлоо участкасынын төрайымы Анара  Мааметова буларга токтолду:    “Бүгүнкү күндө биздин   шайлоо участкада нөөмөт жадыбалы  түзүлүп комиссия  мүчөлөрү иштеп жатышат. Элдер эс алуу күнүнө  карабай  тизме  тактаганы келүүдө.

Шайлоочулардын  саны 1012 ге жетти, бирок онунчу октябрга  чейин  дагы  толукталат, такталат. Себеби айрым  шайлоочулардын  аты-жөнү башка участкаларга  катталып  калгандар  болууда. Ошондой  эле башка  аймактардан  келин  болуп  келгендер, башка  шаарларга  же  өлкөлөргө  иштегени  кеткендер  такталып  жатат” — деп түшүндүрдү №2087 шайлоо участкасынын төрайымы Анара  Мааметова.

Биз  Кара-Суу  орто  мектебинде  жайгашкан шайлоо  участкасына  барганыбызда  өздөрүн тизмеден  тактаганы  келген   шайлоочуларды  жолуктурдук.

Кара-Суу  айылынын  тургуну  Элзат  Токоева :

 

-Мен  шайлоо  участкасына  өзүмдү  тизмеден  тактоо  үчүн  келгем,бирок   тизмеде  жок   болгондугума  байланыштуу  №2  форма  менен  арыз  толтуруудамын.

Ошондой  эле шайлоо  участкасына  келген  айыл  тургуну Эсенбек Орозобеков өзүн тизмеден  таппай калганын мындайча түшүндүрдү:

— Шайлоо  участкасына  мен  өзүмдү  тизмеден тактоо үчүн келгем. Мен  тизмеде  жок  экенмин. Мени башка Кош-Булак  айылына каттап коюшуптур. Ошондуктан  №2 форма  менен  арыз  жазып  жатам.

Тогуз-Торо    району  боюнча  15  шайлоо  участкасы  бар, буга  чейин  шайлоочулардын  саны  соңку  шайлоого  ылайык  13 миң 634 адамды түзгөн.

Даярдаган: Рыскулова  Нуриза. “Сары-Булуң мультимедиа борбору”.