"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң: Карылар күнү белгиленди.

8 Октябрь 2017 жыл 21:05
Көрүүлөрдүн саны: 71

Сары-Булуң  айыл  аймагынын  кызматкерлери,  айылдын  демөөрчүлөрү  тарабынан  1-октябрда  Кара-Суу  жана  Табылгыты  айылдарынын  кары  адамдарына  сый  тамак  уюштурулду.

Тогуз-Торо  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  биринчи  орун  басары  А.Кожошов,  Айыл  аймагынын  айыл өкмөтүнун  башчысы  А.Токтоналиев,   Сары-Булуң  айылдык  Кеңешинин  төрагасы  Тагайбек  уулу  Дамир ,  Аялдар  Кенешинин  төрайымы  В.Эпеева, Э.Касымалиев  атындагы  орто  мектебинин  директору  Т.Эралиевдер  келишип, аксакал  байбичелерди  куттукташты. Т.Сатыбалдиев  атындагы  орто  мектебинин  7-классынын  окуучулары  тарабынан концерт уюштурулду.

Карыларыбызда  өз өнөрлөрүн тартуулашып,  Карыялар  Кеңешинин  төрагасы  К.Жусубакунов,  Аксакалдар  сотунун  төрагасы  К.Турсуниязов жана    ата апаларыбыз  бири-бирин  майрамдары  менен куттукташты.

 

Айылдын  соц  кызматкери  Б.Эрмекованын  айтымында   эки  айылдын  120 кары  адамдарга айыл өкмөттүн  бюджетинин  эсебинен  10  000  сом  акча  каражаты  каралды. Жыйынтыгында  карыларыбыз өз  ыраазычылыгын  билдирип,  баталарын  беришти.

Даярдаган:  А.Мааметова