"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Ардактуу эс алуудагы мугалимдерди мектеп окуучулары куттукташты.

10 Октябрь 2017 жыл 20:51
Көрүүлөрдүн саны: 63

Кара-Суу айылынын  Т.Сатыбалдиев  атындагы  орто  мектебинин   9-классынын окуучулары  “Мугалим  кесиптердин  төрөсү”  деген  темада кече  уюштурулду.

Бул  тууралу  9-класстын  класс  жетекчиси  Турарбек  кызы  Кайыркул билдирди.  Анын  айтымында өзүнүн  окуучулары,  мугалимдер күнүнө  карата мугалимдерге  жана  ардактуу  эс  алуудагы  мугалимдерге  арнап  чакан  концерт беришти. Кеченин  жүрүшүндө  окуучулар  ыр  ырдап,  бийлеп,  тамаша,  өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Пенсионер  мугалимдерди  кызыктуу  оюнга  чыгарышып,  жагымдуу  маанай  тартууланды. Жыйынтыгында  мектеп  коллективи  43  ардагерге  сый  тамак  уюштурулду.

 

Даярдаган:   Н.Рыскулова