15-октябрь КРнын Президентинин шайлоо күнүндө №2087 шайлоо участкасында ийгиликтүү өттү.

Бул туралуу №2087 Кара-Суу шайлоо участкасынын төрайымы Анара Мааметова буларга токтолду.
Шайлоочулардын жалпы саны 963 болсо 525 шайлоочу добуштарын беришти. КРнын БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова тарабынан берилген куттуктоо баракчаларды, жаш жана кары шайлоочуларга тапшырдык.


Ошондой эле 85 жаштагы кары адамга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамга көчмө урна уюштурулуп, өз үйлөрүнөн добуштарын беришти. Шайлоо участкасынын оператору: Чынара Коңурбаева Автоматтык эсептөөчү урнабыз бузулбай иштеп, техникалык катачылыктар болбогонун билдирди. Айылыбыздын тургуну: Шайырбү Оркошова мамлекетибиздин башына, элдин кызыкчылыгын жогору койгон, өлкөсү үчүн иштеген, президент келсе деп оюн айтып өттү.

Даярдаган: Рыскулова Нуриза