Т.Сатыбалдиев атындагы Кара-Суу орто мектебинде Тогуз- Торо району боюнча калк менен иштоочу адис А.Женишов айыл активистери менен биргеликте тренинг өткөрүлдү.
Калк менен иштоочу адис Айбек Женишов буларды билдирди: «SPRING долбоору тамактанууну жакшыртууга арналган дуйнолук денгээлдеги тамак аш тармагындагы өнөктөштүктү натыйжалуулукту жаны ыкмаларды колдонуу долбоору жана бою өспөй калуу жана бала менен энелердин аз кандуулугун алдын алуу боюнча көмөк көрсөтөт», – деп билдирди. Тренингдин жүрүшүндө фолий кычкылы: суу пайда болот, балдар ыйлаак болот, 30-45 жашка жеткенде залакасы тиет, 2 жашка чейинки балдарга таттуу азыктарды бербөө тууралу кеңири түшүндүрмө берилди.
Айылдын 13 активиси куралды. Курамында мектеп жамааты, ден соолук комитеттери,бала бакча кызматкерлери бар. Көйгөйдүн алдын алуу, чечуу жолу, тосколдуктарды жою боюнча кеп кылышты. Айылдын активистери Кара-Суу айылынын картасын чийип, участокторго бөлүп, адамдарга милдеттендирилди. Бир айда бир жолу окуу өтүп, алган маалыматты айыл тургундарына өз убагында жеткирүү сунушталды. Жыйынтыгында жамааттын башчылыгына А.Султаналиеваны шайлашты.
Даярдаган: А.Мааметова