"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң: Маалыматтык күркө ачылды.

25 Ноябрь 2017 жыл 21:52
Көрүүлөрдүн саны: 73

“Таза  коом”  долбоорунун  алкагында  Кара-Суу  байланыш  бөлүмүнө  информациялык  киоска  коюлду.  Иштөө  үчүн  конкурс  уюштурулуп,  оператор  тандалып  алынды.

Бул бөлүмдөн  туулгандыгын,  никелешүүнүн,  аталыгын  аныктоону  жана   мамлекеттик  каттоо  жөнүндө  күбөлүктү  берүү  жана  кайталап  берүү    жарандык  паспортун  тариздөөгө  жана  даярдоого  документтерди  кабыл  алуу, идентификациялык    номерлерди  ыйгарууга,  арыздарды  кабыл  алынып,  жарандарга  кызмат  көрсөтүлөт.

Бирок  Сары-Булуң  айыл  аймагында  интернет  байланышы  жакшы  кармабагандыктан,  киоскалардын  иштеши  үчүн  оборудованиялар  толук  коюлуп,  интернет  байланышы  даяр  болгонго  чейин убактылуу  токтоп  турат.

Бул  тууралу   Кара-Суу    информациялык  киосканын  оператору  А.Мааметова  билдирди..

Даярдаган:    Нуриза  Рыскулова