"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң: Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жеңиши.

30 Ноябрь 2017 жыл 21:52
Көрүүлөрдүн саны: 72

«Биз биргебиз» 1 айлык акциясы ден-соолугунунун   мүмкүнчүлүгү  чектелген  адамдардын арасында Тогуз-Торо районунда өтүүдө.

Тогуз — Торо райондук  мамлекеттик  администрациясы,  социалдык  өнүгүү  башкармалыгы, айыл  аймактары  тарабынан  уюшулган “Дүйнөм, ыйман  сыймыгым  Кыргызстан” аттуу   райондун     айыл аймактан  келген  ден-  соолугунун  мүмкүнчүлүгү  чектелген  адамдардар  арасында   спорттук  шахмат, гиря,  кол  күрөш жана кол  өнөрчүлөрдүн  колунан  жасалган  буюм-  тайымдардын  көргөзмөсү өткөрүлдү.

Сары-Булуң  айыл  аймагынын 14  майып  адамдары  катышты. Айымдар  арасында  Аалиева  Алтынкыз  1-орундуу, диплом  жана 1500 сом акчалай алды.Ал эми шашки боюнча Врачбек  Чотуров 1-орундуу  ээлеп,  диплом жана 1500 сомго  ээ  болду. Андан  сырткары штанга  түртүү боюнча  3-орундуу  800сом  акчалай  сыйлык  алды.

Кол өнөрчүлөр  арасында Сары-Булуң  айыл  аймагы  3-орундуу диплом жана 800сом акчалай  сыйлыкка  ээ  болушту.

Жыйынтыгында  мүмкүнчүлүгү  чектелген   жарандар жеке  номерлерди  аткарышып, өз өнөрлөрүн  тартуулашты. Айыл  өкмөттүн  бюджетинен   70 000 (жети миң) сом  акча которулуп, сый  тамак уюштурулду. Бул туралуу Сары-Булуң айыл  аймагынын  социалдык кызматкери Б.Эрмекова билдирди.

Урматтуу  Сары-Булуң айыл  аймагынын  атуулдары  «Биз биргебиз «аттуу бир айлык акция 15 — ноябрдан 15-декабрга чейин уланат, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген  жарандарга  кайрымдуулук жасайм деген боорукер адамдарды кайрымдуулук кылууга чакырабыз!

Даярдаган: Нуриза Рыскулова