"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Жол эрежесин үйрөн.

12 Декабрь 2017 жыл 19:32
Көрүүлөрдүн саны: 71

№7 Т. Сатыбалдиев   орто  мектебинде  « Жол  кыймылы, Жаш  инспектор»  деген  темада   класстар  аралык  мелдеш  болуп  өттү. Бул  тууралуу   тарбия  иштер  боюнча  директордун  орун  басары Калиман  Маааткеримова  төмөнкүлөрдү  билдирди.

«Биз  бул  мелдешти  өткөрүп  жатканыбыздын  себеби,  биздин  райондо    жол  эрежелер, өрт  коопсуздугу   боюнча  райондук  деңгээлдеги   мелдештер  ар  жыл  сайын  өтүп  тургандыктан  ошого  даярдык  катарында  өткөрдүк,  жана  ошондой  эле   азыркы  учурда  жол  кырсыктырдын  саны  өсүп кетти,  биз  ушул  жаш  муундарды  жол  эрежесин  сактоого   үйрөтүүнү     максат  кылганбыз.  Бул  мелдешке  окуучулар  активдүү  катышып  беришти»

Мелдештин  жүрүшүндө  көптөгөн   тапшырмалар  каралган. Мелдешке  4-8 — класска  чейинки  класстар  катышкан.   Окуучулар  жол  эрежесин  кантип  сактоо  керектигин,  кандай  жол  белгилер  бар,  жана  алар  эмнени  түшүндүрөт,  унааны  кантип  айдоо  керектигин  көрсөтүп  беришти.

Мелдешке  атайын  орундар каралып  жана  кызыктыруучу  белектер  тапшырылды. 2017- жылы  Кыргызстанда  4311  жол  кырсыгы  катталган, алардын  ичинен  жаш  өспүрумдөр  катышканы 1016ны  түзөт.

 

Даярдаган: Рыскулова  Нуриза.