"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

“Жаңычыл мугалимдердин изденүүсү, окуучунун кызыгуусун арттырат”

22 Декабрь 2017 жыл 20:53
Көрүүлөрдүн саны: 86

Т.Сатыбалдиев атындагы Кара-Суу орто мектебинде так жана табигый  сабактар  бирикмеси  болуп өттү. Бул  тууралуу окуу,  тарбия  иштер  боюнча  директордун  орун  басары Миргүл Какаева төмөндөгүлөрдү билдирди.

Семинар  райондук дэңгээлде өткөрүлүп, райондун 13 мектебинен математика, физика, химия, биология предметтер боюнча мугалимдер келип катышышты. Жүрүшүндө 2-класстын окуучулары “”Сиз кетирген жаңылыштыкты, мен кайталабайын” деген темада сценка көрсөтүлдү. Химия предмети боюнча Турарбек кызы Кайыркул, математика мугалими А.Турсуналиева, биология предмети Ж.Молдобаева, физика мугалими Солдатбек кызы Чолпондор ачык сабактарды өтө алышты.                                                                                                                              “Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм, элиме кошкон үлүшүм” деген темада сбор болуп өттү. Сбордун жүрүшүндө 2-класс “Сейтек” кошунуна, 5-класс “Семетей” кошунуна, 9-класс “Манас” кошунун катарына ант берүү менен кабыл алышты.

Математика кружогу боюнча М.Какаеванын даярдоосунда “Боз үйдөгү геометрия” аттуу математика кружогунун катышуучуларынын окуучулары менен даярдалган кече болуп өттү.

Жыйынтыгында  Райондук билим берүү  бөлүмүнүн  башчысы Б.С.Иманбердиев,  жетектөөчү  адис  А.Шерматов  жана мугалимдер семинардын жүрүшү боюнча өз ойлорун билдиришип, семинар жогорку деңгээлде замандын талабына ылайык өткөндүгүн баса белгилеп айтышты. Катышуучулар да  бул семинардан көптөгөн жакшы нерселерди алгандыгын жана мектепте өздөрүнүн мектебинде колдоно тургандыгын айтып өтүштү.

Даярдаган: Рыскулова  Нуриза.