2017-жылдын 31-декабрында саат 14-00дө футбол аянтчасында жаңы жылдык карновал болуп өттү.
Кара-Суу айылынын жаштар бирикмеси уюштуруп, айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 3000(үч миң) сом акча каражаты каралды.Карновалга айыл тургундары жана Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты катышты.
Кеченин жүрүшүндө мектеп окуучулары өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты. Андан соң айыл өкмөт башчы А.Токтоналиев 2017-жылда аткарылган иштер туралуу элге кыскача маалымат берди. Кара-Суу айылына калкты ичүүчү суу менен камсыз кылып, өз демилгеси менен суу чыгарып бергендиги үчүн Бегимбай Чотуров “Ардак грамота” менен сыйланды.
Андан соң лотерея ойнотулуп, көптөгөн белектер утуштурулду.Келген элдер белектерди утуп алышып, жагымдуу маанай менен үйлөрүнө кайтышты.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова