2017-жылдын 23-декабрында Сары-Булун айыл өкмөтүндө 2018-жылга карата жергиликтуу бюджеттин бекитүү боюнча коомдук угуу болуп өттү.
Бул тууралуу айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы У.Далбаев буларды билдирди.

“Биз жергиликтүү бюджетти бекитүү боюнча коомдук угууда 2018-жылы аткарыла турган иштерди эл менен бирге талкууладык. 2018-жылга аткарыла турган иштерди пландоо айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгып түзүлгөн”.


Бул коомдук угууга көптөгөн айыл тургундары келип 2018-жылы аткарыла турган иштер боюнча маалымат алышып, өздөрүнүн суроолорун беришти.
Даярдаган:Рыскулова Нуриза