"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң: “ Айылга таза суу чыгарылды”

10 Январь 2018 жыл 14:06
Көрүүлөрдүн саны: 57

Сары-Булуң айыл аймагындагы Булуң айылына таза суу чыгарылды. Таза сууну чыгарган айыл тургуну Чотуров Бегимбайга кайрылганыбызда буларга токтолду.

”Менин бул сууну чыгаруу көптөн берки ойлорумдун бири болчу. Айылдагы тургундарга таза суу маселеси көйгөй жаратып келген. Ошол себептен бул нерсени колго алып, кыштын суугунда жаш балдар, жалпы эле тургундар алыскы өзөндөн суу алып кыйналбасын деп бул оюмду ишке ашырдым десем болот.”

Бул нерсеге кимдер демөөрчүлүк кылды?-деген суроого мындайча жооп берди. “Буга эч ким демөөрчүлүк кылган жок жеке өзүмдүн каражатым менен чыгардым. Айыл элинен Кара-Суудагы булактан сууну тартып келүүгө ашар жолу менен жардам беришти. 1460метр суу түтүгү керектелди. Жалпысынан 50 000сом (элүү миң)каражат кетти.”

Ал эми таза суу чыгарылганына кубанган айыл тургундарынын ичинен Алымкулова Зулайка апа суунун чыгарылганы абдан жакшы нерсе болду. Таза суу көптөн берки эң чоң маселелердин бири болчу. Мына ушуну чечип берген Чотуров Бегимбайга терең ыраазычылыгымды билдирем деп айтып өттү.

Таза сууну чыгарган айыл тургунубузга Сары-Булуң айыл өкмөтү тарбынан “Ардак грамота” тапшырылды.

Даярдаган: Марат кызы Азем