"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң: Кышкы эс алуу аяктады.

14 Январь 2018 жыл 13:33
Көрүүлөрдүн саны: 107

Төрт мезгилдин ичинен “кыш ” мезгили кандай кооз мезгил, балдар чурулдап, кар менен ойношуп, эс алуучулар тоого барып лыжа тээп, муз аянтчаларды коньки менен чуркашат.

 

Анын үстүнө кыш мезгили, аяз ата, аяз кыз, белектер каникулдар жана башка сөздөр менен байланышы бар. Ал эми азыркы убакта болсо Кара-Суу айылынын окуучулары кышкы эс алууну аяктап мектепке дем күч менен келип турган убактары.


Ар бир адам, ар бир окуучу кышкы алууну кызыктуу өткөргөнгө аракет жасайт. Ошондой эле Кара-Суу айылынын окуучулары да кышкы эс алуусун, муз тээп, коньки тээп, кызыктуу өткөрүшкөн. 7-класстын окуучусу Таалайбек кызы Айдана өзүнүн кышкы эс алуусу жөнүндө төмөндөгүлөрдү билдирди: “Мен кышкы каникулда таякемдикине барып, ал жактан муз тебип, эжемдерге жардам бердим.Үйгө келип, апама жардам бердим. Катокко бардым.Ушинтип сабак башталып калды.”- деп билдирди.


8-класстын окуучусу Наргилия Азатова: “Мен кышкы каникулду үйдөн өткөрдүм. Каникул ичинде кыштын кызыктуу оюндарын ойноп, классташтар менен муз тээп, үйдөн майда-чүйдө жумуштар менен алек болдум.”

Даярдаган: Рыскулова Нуриза.