"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң: «Окуучулардын олимпиададагы ийгиликтери»

18 Январь 2018 жыл 11:42
Көрүүлөрдүн саны: 74

Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо  районунда  22-23- декабрда  тогуз  окуу  предметтери  боюнча  олимпиада  болуп  өттү.

«Бул  олимпиадага №7 Таштемир  Сатыбалдиев  атындагы  жалпы  билим  берүүчү  орто мектебинен  жалпы  22 окуучу  катышты. Олимпиада  3  турдан  болуп  өттү.

Биздин  мектептен  барган  окуучулардан 18 окуучу  3-турга  өтүп,жыйынтыгында тогуз  окуучу  ийгиликтуу орундарга  жетишишти. Анын  ичинен  биология предмети  боюнча 10-классынын  окуучусу  Салташова Элина, тарых  предмети  боюнча  Бакыт  уулу  Кайрат биринчи  орунга ээ болушту.Бул эки окуучу  эми областтык  денгээлде  өтүүчү  олимпиадага    барып   катышышат. Учурда даярданып  жатышат.» -деп  билдирди мектептин билим-тарбия  иштери  боюнча  жетекчиси Миргул  Какаева.

Ал эми областтык олимпиадага баруучу  окуучуларга кайрылганыбызда  азыркы  учурда даярданып жатышкандарын жана кошумча  маалымат  алуу учун  предметтер  боюнча  китептердин жетишпей жаткандыгын айтып өтүштү.  Жалпысынан райондук  олимпиададан  тогуз  окуучу орунга ээ болушкан алар: География  предмети боюнча 11-класстын окуучуларынан Куттубекова  Айгерим 2-орунду, физика предметинен Курманбек Назарбеков 3-орунду,тарых предмети боюнча 1-орунду Бакыт уулу Кайрат,химия предметинен Муратбекова Жазира 3-орунду алышса 10-класстын окуучусу Элина  Салташова биология предмети боюнча 1-орунга ээ болду.Ал эми 9-класстын окуучуларынан математика предметинен Баетова Айгерим 2-орунду,кыргыз тили боюнча Маратова Азем 3-орунду,тарых боюнча Нурсултан Бегимбай уулу 3-орунду жана орус тили предметинен Айназик Абдылдаева 3-орун ээлешти.

Даярдаган:Маратова Азем.