Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык абалынын өнүгүшүнө кошкон салымы жана ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн “2017-жылдын мыкты салыкчысы” наамы Мамбетакунова Замира Океновнага тапшырылды.
Сары-Булуң айыл аймагынын салык кызматчысы Замира Мамбетакуновага кайрылганыбызда
“ Сары-Булуң айыл аймагында салыкчы болуп иштегениме 5 жыл болду .Ушул мен иштеген 5 жыл ичинде көптөгөн кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүп келем. Салык боюнча ай сайын план берилет,берилген планды аткаруу керек, элдерден салык чогултуу учун бир үйгө 4-5 жолу барганга туура келет.
Бирок кыйналдым деп отуруп албастан жылда берилген планды толугу менен аткарып келем. 2017-жылга берилген планды 136,9 пайызга аткарып, эмгегимдин акыбети кайтып “жылдын мыкты салыкчысы” деген наамды Тогуз-Торо райондук администрациясы тарабынан алдым” –деп билдирди.
Даярдаган: Маратова Азем.