"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң: “ Мыкты айыл өкмөт”

24 Январь 2018 жыл 13:59
Көрүүлөрдүн саны: 112

Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо райондук  мамлекеттик  администрациясы тарабынан Сары-Булуң айыл  аймагына “Мыкты айыл өкмөт” наамы ыйгарылды.

Сары-Булуң айыл  аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы  Амангелди Токтоналиев 2017-жылга карата айыл –чарбада аткарылган иштер тууралуу буларды билдирди:

“Мамлекеттен 2 жылдык кайтарымы менен 18 тонна арпа 2 тонна буудай алынып келинди, жер айдай тургандар дыйкандар өздөрү документештирип алышты. Күйүүчү жана майлоочу майлар  менен камсыздалышы  боюнча 32 тоннага заявка берилип, 13 тонна арзан баада төлөм менен таркатылды.

Себилген арпа буудайга саранчы түшө баштагандыктан өсүмдүктөрдү коргоо мекемесине билдирилип 200 гектарга даары чачтырылды. Айыл окмотуно алынып келинген ПАЛЕССЕ үлгүсүндөгү дан жыйноочу комбайны жалпы 312га дан эгиндерин жыйнап  жергиликтуу бюджетке толук акча каражаты түшүрүлдү”.

Ал эми курулуш, мал- чарба жана энергетика тармагында  аткарылган  иштер тууралуу да айтып өттү:

“Кара-Суу жана Табылгыты айылдарындагы 200 баш ит 50 баш мышыкка азинокс берилди ваксинасы  көрсотүлгөн пландын негизинде сайылып жатат.Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токмомуна ылайык   малдарды идентификациялоо боюнча 1500 баш бодо малга бирка басылган азыркы убакта 2-этап башталып 900 биркадан  600 бирка басылды. Малдарды биркалоо иштери жүрүп жатат.Кара-Суу жана Табылгыты айылдарындагы 7 адамды иттер каап алгандыганан байланыштуу жеринен иттерди ваксинадан өткөрүлдү.Айыл өкмөтү боюнча 500 баш уйдан бруцелозко каршы кан алынды. 2000 бодо малга кара санга ваксин сайылды . 2000 бодо малга шарпка  ваксин жүргүзүлдү.    2017-жыл жаз  катаал болуп чөп жетпей 750 пресс чөп тартылып келинип элге арзан баада берилди.

 Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-айына карата курулуш иштерине 16390,0 мин сомдук акча каражаты каржыланган.

Республикалык бюжеттинен  Кара-Суу айылындагы Т. Сатыбалдиев атындагы орто мектептин курулушуна  жалпысынан 53700,0 мин сом каралган бүгүнкү күндө 29000,0 миң сом каржыланды. Бул каржылануу менен окуу корпусу бүткөрүлду. Ал эми спорт зал, котельный, туалет, сырткы тосмолоруна каржылоо керек.Калган каржылоосу боюнча жогорку тийиштүү инстанцияларга  каттар берилип иш жүргүзүлүүдө. Э.Касымалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин спорт залына жеке ишкер Э.Касымалиев демөөрчүлүк кылуу менен 2300,0 мин сомдук курулуш иштери жүрүп, спорт залдын дубалдары  тургузулду. Табылгыты айылындагы Төш-Булак суусунан самотек ыкмасы менен таза суу чыгаруу учун жергиликтүү бюджеттен 300,0 мин сомдук акча каражаты каржыланып, курулуш иштери бүтүп элге жана мектепке суу берилди.

Сары-Булун участкасынын Ак-Орго конушуна  электр энергиясы учун 18 штук ЖБ столбалары коюлуп, жергиликтүү бюджеттен 30,6  мин сомдук ЖБ столбаларына травест жазалып коюлду.Санариптик аппарат койдуруу учун атайын бөлмө курууга жергиликтүү бюджеттен 160,0 мин сом каржыланып, бүгүнкү  күнгө карата Кара-Суу Табылгыты айылдары санариптик теле берүүлөр иштеп жатат. Көчөлөрдү  жарыктандыруу максатында 126,1 мин сомго 30 (отуз) даана электро прожекторлору коюлду.Кара-Суу айылындагы Жапсар участкасындагы корустонду тосууга карата 272,7 мин сом каржыланып 630 метр көрүстөндүн айланасы тосулду. МТСдин кампасын куруу учун айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин 200,0 мин сом каржыланып, МТСди курууга карата пескоблок жана шагылдары алынып келинди.2017-жылга карата 369,84 м2 жерге жалпы 4 (торт) атуул жеке турак үйлөрүн курушуп, жалпы 2200,0 миң сомдук акча каражаттын турак үйлөрду курууга сарпташкан.”

Быйылкы жылдагы аткарыла турган иштер боюнча  кыскача  маалымат да берип өттү:

“2018-жылга карата аткарыла турган  иштер боюнча кыскача маалымат:

  • Кара-Суу Табылгыты айылдарын АБР Эл аралык уюмдары менен ишке ашыруу
  • -Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги аркылуу түрткү берүүчү грантка айыл аймагынын административдик имараттын бүткөрүү.
  • -Жергиликтуу бюджет аркылуу МТСдин гаражын бүткөрүү.
  • -Республикалык бюджет аркылуу Т.Сатыбалдиев орто мектебинин толук бүткөрүү.
  • -Э.Касымалиев орто мектебинин үстүнкү чатырын жергиликтуу бюджет жана МЭРСИКО Эл аралык уюму менен устун чатырлоо.
  • -Э.Касымалиев орто мектебинин спорт залын демөөрчүлөр аркылуу бүткөрүү.”

Амангелди  Токтоналиевдин  сыйлыгы  туурасында  Тогуз-Торо районундагы “Жеңиш Туусу” газетасына жарыяланды.

Даярдаган: Маратова Азем.