"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булун: Муз үстүндө жарыш.

27 Январь 2018 жыл 20:26
Көрүүлөрдүн саны: 79

2018-жылдын 26-январында райондук деңгээлдеги мектеп аралык жарыш болуп өттү. Бул жарышка №7 Т.Сатыбалдиев орто мектебинин окуучулары катышып жеңиш менен кайтышты

.

Жарышка алты команда катышкан. Оюндун жүрүшүнө беш тапшырма каралган.

1-тоскоолдуктарды айланып өтүү

2-тоскоолдуктарды аралап өтүү

3-шайба менен жүгүрүү

4-хоккей ойноо

5-шайбаны бутага киргизүү

Катышуучулар тапшырмаларды эрежелери менен аткарып жатышты. Оюнга атайын калыстар тобу чакырылган. Жарышта 1-орунду №7 Т.Сатыбалдиев орто мектебинен келген ”Бурганак” командасы. 2-орунду №2 А.Абдраимов орто мектебинен келген “Казарман” командасы. 3-орунду №1 Макмал орто мектебинен келген “Достук” командасы ээледи.

1-орунга 1000сом. 2-орунга 800сом. 3-орунга 500сом калган катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

1-орунду ээлөөгө өз салымын кошкон “Бурганак” командасынын оюнчусу Айжаркын Борончиева буларды билдирди: “Мен көптөн бери коньки тебип журчүмүн. Бирок мындай жарышка бирнчи  жолу катышып жатам. Бизди дене тарбия боюнча мугалимибиз Жапишов Каттообек агай алып келди. Оюн ойдогудай кызыктуу өттү.”-деп билдирди А. Борончиева.

Даярдаган:Рыскулова Нуриза.