2018-жылдын 25-январында математика сабагы боюнча тестке катышкан окуучуларга сертификаттар тапшырылды.
“Математика предмети боюнча “Билимкана” тестинин 1-туруна 4кл-11кл ка чейин жалпы 25 окуучу катышкан. 1-турдун жыйынтыгы менен бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Ал эми 2-турга 19 окуучу өткөн. Өткөн окуучулар 2-турга катышып келишти. Анын жыйынтыгы азырынча чыга элек”-деп билдирди мектептин билим тарбия иштери боюнча жетекчиси Миргүл Какаева.
Тестке катышып келген 6-классынын окуучусу Чынаркүл Улукбек кызы төмөнкүлөрдү билдирди: “Мен математика боюнча тестке өзүмдүн билимимди сыноо үчүн катышкам. 1-турдан өттүм бирок 2-турга катыша албай калдым. Тесттен биз өткөн эле темалардан эсептер келип жатты. Тест үч бөлүктөн турат экен. Көпчүлүк эсептерди өзүмө ишенип эле чыгарып жаттым”
Ошондой эле 5-класстын окуучусу Шадыбекова Назгүл мындай деди: “Мен билимкана боюнча тестке катыштым. 1-турдан өттүм. 1-турда оңой эле болгон. Ал эми 2-турда татаалыраак болду. 1-турдун жыйынтыгы чыгып ошого катышкан бардык окуучуларга сертификат тапшырылды. 2-турдун жыйынтыгын азыр күтүп жатам”-деп билдирди Назгүл Шадыбекова.
Даярдаган:Рыскулова Нуриза