"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң: Тогуз-Торо районунда калдыктарды кайра иштетүүчү комбинаттын ишке киришине митинг өтүп жатат.

3 Февраль 2018 жыл 19:53
Көрүүлөрдүн саны: 62

Жалал-Абад облусуна караштуу  Тогуз-Торо районунун  тургундары “Макмал” кенинин базасында курулуп жаткан ишкананын курулушуна каршы митингге чыгышты.

Катышкандардын бири Сүйөрбек Муратбек уулунун билдирүүсүнө караганда  “Бүгүнкү митингге  өз калообуз менен чыктык. Бизди эч ким үндөгөн жок. Эгер ошол фабрика ишке кирсе,  анын зыянынан чөптөр өспөй, ар кандай оорулар  оорулар пайда болушу мүмкүн”-деп айтып өттү.

Жергиликтүү тургундар мындай митингди 7-февралда кайрадан  чыгаарын айтышты. Нааразылыкка чыккандар менен акимдин орун басары Айбек Кожошов жолугуп, абалды түшүндүргөнүн  катышуучулар билдирди.

Даярдаган:  Маратова Азем.