"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Саламаттын баяны.

10 Февраль 2018 жыл 21:34
Көрүүлөрдүн саны: 62

Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылында жашаган Саламат Дайырбек кызы кичинесинен кабылган шал оорусунун себебинен баса албайт.
Саламаттын апасы Кадырбүбү Өмүралиева кызы тууралуу буларды айтты. Кызым кичинесинен шал оорусуна кабылып, эки буту жакшы баспайт. Бул убакка чейин “Табылгыты жаштары” тарабынан 50 000 миң сом жана “Россия кайрымдуулук” фонду тарабынан 10 000 миң сом жана туугандары акчалай жардам беришти. Бишкек шаарына барып, дарыгер Сабырбек Жумабеков кызымдын эки бутун операция кылып, басып калды. Бутуна гипсти түнкүсүн салып, түз болуш үчүн күндүзү алып коем.

Бизди кайра алты айдан кийин келгиле деген. Бутунун кыймылдашын текшерүү үчүн. Сабырбек Жумабековго ыраазычылыгымды билдирем. Ал Саламаттын операциясына жеңилдик кылып, өзүнүн жардамын берди.Бүгүнкү күнгө чейин кызымдын ден-соолугунан кабар алып, сурап турат.
Ал эми Сары-Булун айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмековага кайрылганыбызда буларга токтолду. “Саламаттын үй бүлөөсү өкмөт чектеп берген каражат менен жашашат. Саламат толугу менен дарыланса басып кете алат. Болгону каражаттын жетишсиздигинен мүмкүнчүлүгү жок”


Азыркы учурда Саламат агасы жана апасы болуп Табылгыты айылында жашашат.
Даярдаган: Маратова Азем