
Бул тууралуу жол жүрүп бара жаткан Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун координатору Анара Мааметова төмөнкүлөрдү билдирди: “ Бүгүн 15-февралда кардын токтобой тынымсыз жаагандыгына байланыштуу Казармандын Ак-Союл деген жерине кар көчкү түшүп жолду тороп калды.

Бир нече убакыт күткөн соң райондун акими Идирисов.Т жана ДЭП-18 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси келип, кабар алып, жол тазалоочу техникаларды чакыртышты. Бирок жолдо бара жаткан жүргүнчүлөр 3 сааттай күткөн соң артка кайтып жатышты.

Биз борборго“Радиоуктурууларды даярдоонун негиздери” деген темадагы семинарга эки кабарчы менен кетип бара жатканмын Бирок шартка байланыштуу биз да артка кайтууга туура келди”.-дейт А.Мааметова
Даярдаган:Рыскулова Нуриза