"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Айылдын устасы

23 Февраль 2018 жыл 15:58
Көрүүлөрдүн саны: 82

Сары-Булуң айыл аймагына караштуу  Кара-Суу  айылынын  тургуну  Элчибек Мөкүшов өз колу менен түрдүү эмеректерди жасайт.

Айыл тургуну учурда  Бишкек шаарында турат. Ал жумушунан сыткары өзүнүн үйүнөн эле ар түрдүү эмеректерди жасоо менен алектенет. Уста Элчибек Мөкүшов тууралуу апасы  Анара Түйтеева буларды айтты: балам кичинекей кезинен эле устачылыкка шыктуу болуп, үй тиричилигиндеги майда куралдарды өз колу менен эле жасап койчу.

Азыркы убакта ушул өнөрү  аркылуу иштейт. Ал эми бош убактысында өзүнүн үйүндөгү аспаптары аркылуу отургучтарды, керебеттерди, үстөлдөрдү көптөгөн эмеректерди жасайт. Балам өзү кичинекейинен эле эмгекчил болуп чоңойду. Андан сырткары спорт  тармагынын күрөш боюнча  районубузда өткөрүлгөн оюндардын бир нече жолку чемпиону. Чоң атасы өтө балбан киши болгондуктан,   бул жагы  чоң атасынан калган деп ойлойбуз. Ошондой эле волейбол оюнун дагы мыкты ойнойт. Райондогу мелдештерге келип катышып турат.

Ал эми башталгыч класстагы мугалими Венера Эпеева буларды айтып өттү.

“Мен Элчибекти башталгыч классында окуткам. Ошол кезде эле аябай тырышчаак, эмгекчил, тартиптүү, сабактарын жакшы окуган окуучу болчу. Ал эми кол эмгек сабагынан башка окуучулардан айырмаланып, өз колу менен жыгачтан, түстүү  кагаздардан ар түрдүү буюмдарды, куралдарды жасап келчү.

Азыркы убакта да ар түрдүү эмеректерди жасап жүрөт. Эң негизгиси анын жасаган буюмдары экологиялык жактан таза жана сапаттуу”  Эгерде  эмерек жасатууну каалагандар болсо, Элчибекке кайрылсаңыздар болот.

Даярдаган: Маратова Азем