"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

“Мекенди коргоо күнү”

23 Февраль 2018 жыл 22:52
Көрүүлөрдүн саны: 49

Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата кыздар арасында таймаш өттү.

 

Таймашка 8-11-класстын кыздарынан түзүлгөн “Мекен сакчылары», жана Бар бол, жоокер!” тайпалары катышышты.

Таймаштын жүрушүндө сегиз тапшырма аткарылды. Эки тайпанын окуучулары жоокерлерди даңктоо ырларын, мекенди коргогон Ч.Түлобердиев өңдүү баатырлардын эрдигин сахналаштырып, чагылдырып беришти. Ошондой эле Сары-Булуң айыл аймагынан чыккан ардагерлерди дагы эскерип өтүштү.

Жыйынтыгында эки тайпа бирдей упайга ээ болуп тең чыгышты.Бул тууралу мектептин тарбия иштери боюнча жетекчиси Калиман Мааткеримова билдирди.

Даярдаган: Маратова  Азем