"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң мультимедиа борборунун кабарчылары Жогорку Кеңеште экскурсияда.

23 Февраль 2018 жыл 22:35
Көрүүлөрдүн саны: 65

Сары-Булуң мультимедиа борборунун кабарчылары Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту. Мультимедианын кабарчылары  Азем Маратова, Нуриза Рыскулова жана координатору Анара Мааметовалар барышты.

 

Экскурсияны  Жогорку Кеңештин депутаты  Аида Касымалиева уюштуруп берди. Бул тууралу Анара Мааметова билдирди.” Бул экскурсияга эки кабарчым менен бардым. Аида Касымалиеванын жарандык жардамчысы Оксана Замирбекова тосуп алып, Жогорку Кеңештин ичин көрсөтүп тааныштырып чыкты.Кызыктуу жерлердин бири болгон Жогорку Кеңештин китепканасын көрдүк.Парламенттик китепканасынын жетекчиси Бахытгүл Таржибаева китепкана жөнүндө көптөгөн маалыматтарды берди.

Экскурсияга барган Азем Маратова жана Нуриза Рыскулованын Казарман-Бишкек-Казарман сапар чыгымын “Тогуз-Торо жаштар биримдигинин” активистери Кара-Суу айылынын тургундары  Адыл Темирбек уулу,  Куттубеков Нурсултандар демөөрчү болуп, каржылап беришти.

  Даярдаган:  Рыскулова  Нуриза.