"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Кыргыз радиосунда маек курушту.

23 Февраль 2018 жыл 16:51
Көрүүлөрдүн саны: 66

Сары-Булуң жамааттык мультимедиа  борборунун  координатору жана  кабарчылары Кыргыз радиосунда  “Кутман таң” программасында маек курушту.

Бул туралуу  мультимедиа  борборунун координатору  Анара Мааметова төмөндөгүлөрдү  билдирди. “Мен Борборго эки кабарчым менен“Радио уктурууларды даярдоонун негиздери” аттуу  семинарга келип, ошол учурдан пайдаланып, Коомдук телерадио корпорациясына экскурсияга барганбыз.

Экскурсияны  Кыргыз радиосунун кызматкери Чынара Итигулова уюштуруп берди. Кыргыз радиосунун “Кутман таң” программасына маекке катыштык. Бул маек  биздин мультимедиа борбору  туралуу болду. Эки кабарчым менен бардым.Маек жарым саат болду. Жарым сааттын  ичинде көптөгөн суроолорго жооп бердик. Мультимедианын кантип түптөлгөнүн, эмне максатта иштеп жатканын, элге кандай пайда алып келгенин жана кабарчылар эмне максатта иштеп жаткандыгы туралуу маалымат бердик» .

 

Даярдаган:  Рыскулова Нуриза