"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

“Ата-Журт сенин коргооңо,атуулдук сүйүүңө муктаж экендигин унутпа”

2 Март 2018 жыл 21:23
Көрүүлөрдүн саны: 152

№7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде    “Ата-Журт сенин  коргооңо, атуулдук сүйүүңө муктаж экендигин унутпа” деген аталыштагы семинар болуп өттү.

           Семинардын жүрүшүндө “Ата-Мекенди коргоо ыйык милдет” аталышындагы кече болуп, 11-класстын окуучулары жагымдуу маанай тартуулашты”- деп билдирди мектептин тарбия иштери боюнча жетекчиси Калиман Мааткеримова.

«Ошондой эле аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча “Кароолду кабыл алуу жана өткөрүүнүн тартиби” деген аталыштагы практикалык сабак өтүлдү. Бул сабакка окуучулар кароолду кабыл алуунун, өткөрүүнүн тартиптерин көрсөтүштү. Андан кийин мектептин авариялык абалда болгонуна байланыштуу, өзгөчө кырдаалды алдын алуунун жолдорун көрсөтүп беришти.

Анда мектепке атайын коопсуздук сигналы иштетилип, окуучулар сыртка чыгарылгандан кийин, калып калган, жабыр тарткан окуучуларга биринчи жардам көрсөтүүнү да айтып, көрсөтүп беришти.

 Семинарга райондогу мектептердин аскерге чейинки даярдык сабагын берген мугалимдер: Алтынбек Чокморов, Чолпонбек Түлөбердиев жана өрт өчүрүүчү кызматкерлерден Мелис Токтобековдор келишти”- деп  мектептин аскерге чейинки даярдык сабагынан берген мугалими Каттообек Жапишов  билдирди.