"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Желек жаңыланды»

3 Март 2018 жыл 20:10
Көрүүлөрдүн саны: 714

Сары-Булуң айыл аймагындагы мамлекеттик туу жаңыланды.
Бул тууралуу желекти орнотуунун демилгечиси Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын адиси Олжотоев Марлиске кайрылганыбызда буларды билдирди:

«Тогуз-Торо районунун акими Т.К.Идирисов, 1-орун басары А.К.Кожошов жана администрациянын адистери, ошондой эле Сары-Булун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  кызматкерлери, Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин жалпы жамаатынын катышуусунда
3-март КР желек күнүн белгилөөнү түндүк-түштүк жолунун боюндагы Казарман-Кара-Суу көпүрөсүндөгү бийиктикте жайгашкан эң кооз жерге иш-чара уюштуруп, мамлекеттик гимндин коштоосу менен районубуздагы эң бийик орнотулган желек жаңыртылып көтөрүлдү.»


Аким Т.К.Идирисов, катчы А.Кыдыков, директор В.Эпеевалар куттуктоо сөз сүйлөп, бул жер эң көрүнүктүү, жайгашуусу жактан жолдон өткөн жүргүнчүлөрүбүздүн көнүлүн бурган орун болоорун айтып өтүштү. Мындан сырткары А.Атамбаевдин сөзү да ушул жерге орнотулганын белгилөө менен жаштарды патриотуулукка чакырды.


Ошондой эле №7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде да мамлекеттик туунун кабыл алынган күнүн салтанаттуу белгилеп,тарых сабагынан берген мугалими Зарина Чотурова окуучуларга республиканын желегинин тарыхын жана ал тууралуу маалымат берип өттү.
Даярдаган: Азем Маратова