"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Аялзат тагдыры, Ата-Журт тагдыры»

9 Март 2018 жыл 21:13
Көрүүлөрдүн саны: 90
      Seminar-Mixdown-1

Кара-Суу айылында   «Аялзат тагдыры, Ата-Журттун тагдыры» аттуу  семинар  болуп  өттү. Бул тууралуу  семинардын уюштуруучусу №7 Т.Сатыбалдиев орто мектебинин директору Венера Эпеева  билдирди.

Анын айтымында  семинарды, аялдарга көрсөтүлгөн зордук зомбулук айыл жергесинде  көп катталгандыгына байланыштуу  өткөргөн:

В.Эпеева: “Жумушсуздуктун айынан  үй-бүлөөлөрдө көптөгөн чыр чатактар чыгып аялдар зордук зомбулуктарга кабылышууда.  Ошол себептен элге   туура көз караштарды жеткирели деген максатта уюштурдук. Семинарга Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Социалдык коргоо башкармалыгынан, Кыргызстан Аялдар Конгрессинин мүчөлөрүнөн, Райондук Аялдар Кеңешинен, Сары-Булуң айыл аймагынын кызматкерлери, мектеп жамааты,айылдагы үлгүлүү  үй-бүлөөлөрдөн, айыл  тургундары жана  социалдык жардамга муктаж үй-бүлөөлөр келип катышышты. Бул семинар аркылуу элге маатымат бере алдык деп ойлойм.

Бул семинарга  Тогуз-Торо райондук Социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчиси Чолпонай Жеңишова да келип катышкан.  Чолпонай Жеңишова семинар тууралуу  төмөнкүлөрдү билдирди:

“Бүгүн  Кара-Суу айылында үй-бүлөөдөгү зордук зомбулукту алдын алуу боюнча  талкуу болуп өттү.  Биздин айылыбызда ушул боюнча көптөгөн семинарлар өтүп атат. Бүгүнкү иш чараны уюштурган   Венера эжекебизге жана айылдык  аялдар кеңешинин мүчөлөрүнө  чоң ыраазычылык билдирем.”Келген меймандарга 3-8-класстын окуучулары концерттик программа тартуулашты.

Жыйынтыгында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата  апаларды куттуктап, грамота, белектер тапшырылды.

Мындан сырткары  айылдын  тургуну   Мурат Токтоналиевдин демилгеси менен сый тамак уюштурулду.

“Азыркы учурда  аялдарга жасалган зордук зомбулук 31%ды  түзөт. 1998-жылдан 2007-жылга чейин бул көрсөткүч 25-26%ды түзгөн. Аялдардын ден соолугуна зыян келтирген учурлар 33%ды түзөт.”

Даярдаган: Нуриза Рыскулова