"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Ак Калпак күнүндө жасалган көлөмдүү калпак»

9 Март 2018 жыл 20:15
Көрүүлөрдүн саны: 68
      KALPAKTAR-1

Сары-Булуң айыл аймагындагы № 7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 5-март Ак Калпак күнү салтанаттуу белгиленди.

Бул күнү мектепте Ак Калпак күнүнө карата чакан программадагы  кече болуп өттү .7-класстын  окуучулары  кыргыздын  калпагы тууралуу  ырларды,  накыл  сөздөрдү  жана  калпак  жөнүндө  «Калпакты жерге таштаба», «Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил, Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил» деген өңдүү сөздөрдү айтып өтүштү.
Жыйынтыгында  окуучулардын  эмгеги менен  жасалган көлөмдүү калпакты жана калпак туурасында ар кандай  чакырыктарды  көтөрүп алышып, айыл ичине чакан  жүрүш кылып, айыл тургундарын  Ак Калпак күнү менен куттуктап кайтышты.
Даярдаган: Азем Маратова.