"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Адам укуктары жана эркиндиктери » боюнча даректуу тасмалар көрсөтүлдү.

14 Март 2018 жыл 21:59
Көрүүлөрдүн саны: 58

Тогуз-Торо районуна караштуу №7 Т.Сатыбалдиев  атындагы жалпы  билим берүүчү  орто  мектебине  келген  көрөрман  айыл  тургундары жана  мектеп  окуучулары  адам  укуктарына  байланыштуу  болгон  тасмаларга  күбө болушту.

Тасма көрүүгө келген Зарина Чотурова  буларга  токтолду: «Мен  бул фильмдердин ичинен 1937-жылдагы  репрессияланган  кыргыздын  чыгаан  инсандары  туурасындагы  тасманы көрүп  өтө  таасирлендим.

Бул тасмада бей күнөө атылып кеткен  инсандардын  сөөгүн  бир  нече жыл өткөндөн  кийин аны  изилдеп, анын ичиндеги Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдрахманов, Ишенаалы Арабаев  өңдүү кыргыздын белгилуу  адамдарынын  табылгандыгы тууралуу баяндалган экен.Бул нерсе  менен  азыркы  заманды салыштырып, чоң  сабак алса болот.Менин  оюмча мындай тасмалар  жаш муундарга өтө керек жана  пайдалуу»

Ал эми 9-класстын  окуучусу Нурсултан Бегимбай уулу да  оз оюн айтып өттү. «Адам укуктары жана эркиндиктери тууралуу тасмалар мага жакты.

Бул тасмалардан биз адам укуктарына байланыштуу жана тарыхты эске салган окуяларга кубө болдук» Айыл тургуну Шайырбү Оркошова өз оюн кыскача билдирди: “Бул тасмалардан мен аялдардын коомго  тийгизген таасирин көрө алдым. Эгерде ушундай активист, лидер аялдар бизде  көп болсо айымдардын укуктары көбүүрөөк корголмок деп ойлойм.”

Даярдаган: Азем Маратова