"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Табылгыты айылында адам укуктары боюнча кинофестиваль жүрүүдө.

14 Март 2018 жыл 23:35
Көрүүлөрдүн саны: 51

Сары-Булуң айыл аймагына караштуу  Табылгыты айылында адам укуктары боюнча  кинофестиваль жүрүүдө. Фестивалдын негизги максаты  элет жериндеги  элдердин  укуктук көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү.

Бул тасмалар даректүү, жашоодон алынган тасмалар.  Табылгыты айылынын жергиликтүү  тургундарына жана окуучуларга тартууланууда. Көрүүчүлөр үчүн эшик ачык жана акысыз болду.Келген көрөрмандарга тасма тууралуу чакан китепчелер таркатылды Тасманы көрүүгө келген  Абдырахманова Эрмекбу апа  “Ата Бейит” тасмасы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: “ Адамдар революция курулгандан баштап  Бүбара апага эчкимиси ишенбей жургөн. Апа ошентип жүрүп айта турган сөздөрүн жакшы заман келгенде айта баштаган. 137 кишинин курман болгондугун “Ата Бейитке” сакталып калды”

Ошондой эле айыл тургуну  Гүлнур Кожомбердиева “Жашоо керемет” тасмасы тууралуу өз оюн айтты:“ Мен бүгүн көргөн тасмалардан аябай таасир алдым. Бул тасма   жалаң майып үй-бүлөөлөр  жөнүндө экен. Булар мамлекетке өз жүгүн артпастан, өзүбүз жашашыбыз керек деп жашагандары мени таң калтырды”.

Адам укуктары жана эркиндиктери боюнча тасмаларды уюштурган  Анара Мааметова мындай деди:” Атомдук электростанциясы боюнча тасмасын көрүп феникиялык элдердин күжүрмөн кайратмандыгына, эли-жери, жаратылышы үчүн эч кандай тайманбастан, биримдикте күрөшкөнүнө баа бердим.”  Э.Касымалиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Теңирберди Кубанычбек уулу: «Тасмалардан адамдардын чыдамкайлыгы, өжөрлүгүнөн башынан өткөн кыйынчылыктарга моюн сунуп калбай, акырында ийгиликтерге жеткендери тууралуу өзүмө ала алдым. Ушул жакшы сапаттарды аткарганга аракет кылам»- деп билдирди.

Элет эли адам укуктары боюнча кино фестивалдарды уюштуруп туруу айыл элине пайдасы тийгизерин билдиришти.

Даярдаган: Рыскулова Нуриза.

Мыкты макала сынагына.