"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Айыл аймактар жана мекеме ишканалар арасында Достук бийин бийлейбиз» сынагы өткөрүлдү.

26 Март 2018 жыл 15:31
Көрүүлөрдүн саны: 144

Жалал-Абад областына  караштуу  Тогуз-Торо районунда Нооруз майрамына арналган «Достук» бийин бийлейбиз аттуу айыл аймактар арасындагы сынак өттү.

Бий  таймаш  Азирет Сыдыков атындагы маданият үйүнүн алдында болуп өттү.Бул сынакка Сары-Булуң,

Көк-Ирим, Тогуз-Торо Атай айыл аймактары, РСК, Финка, Бай-Түшүм банктарынын  жана райондук  оорукана, РЭС мекемеси жана мекеме ишканалардын кызматкерлери катышып өзбек, грузин,татар, орус,мексика,чыгыш бийлерин  аткарышты.

Майрамдык  сынактын  максаты  2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү» жылынын алкагында Нооруз майрамында коңшулаш  жашаган мамлекеттердин улуттук бийлерин бийлөө менен улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоо жана ар бир улуттун маданий баалуулуктарын, өзгөчөлүктөрүн чагылдыруу болгон. Ал эми таймаштын шарттарында: мекеме-ишканалардан беш кыз, беш жигиттен  кем эмес катышуучу, бийчилердин  жашына, санына  чек коюлбайт, өздөрү тандаган  улуттун бийин аткарышат,өздөрүнө ат коюшат,калыстар тобу сахна  маданиятынын сакталгандыгына, бийчилердин чеберчилигине баа берип, жыйынтык чыгарышат -деген  шарттар  каралган.

Жыйынтыгында Тогуз-Торо айыл өкмөтү  мексика  элинин бийин мыкты  аткарышып 1-орунду ал эми Көк-Ирим айыл өкмөтү тажик бийин аткарып 2-орунду,3-орунду РЭС өзбек  камсыз кылышты. Мындан сырткары  Сары-Булуң айыл аймагынын  тургундары  Алмабү Бакирова жана Бүсейне Кыдыроваларга “Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы”   наамдары ыйгарылды.

Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынын  айылдык клубунун башчысы Бермет Султаналиева билдирди.

Даярдаган: Азем Маратова.