"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Табылгыты айылынын уз чебери.

28 Март 2018 жыл 18:25
Көрүүлөрдүн саны: 492
      AUD-20180328-WA0014

Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылынын тургуну Гүлзат Шаршенбекова өз колу менен чапан тигет.Бул чыгарылышыбызда Гүлзат Шаршенбекованын тиккен чапандары жана айыл тургундарынын пикирлерин сунуштайбыз. Айыл тургуну айылда жумуш жоктугуна байланыштуу үй шартында чапан тигүүнү баштаган.

Биз Гүлзат айымга кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:“Менин чапан тигип баштаганыма жарым жыл болуп калды, мындайча айтканда жаңы баштадым да. Мага башында чапан тиктирүүгө айымдар гана келип жатышкан. Андан кийин мырзалар дагы чапан тиктирүүгө келе башташты. Мен тигип жаткан чапандар көп эле эмгекти талап кылат, себеби аны кураш керек, саймаларды түшүрүш керек, шырыш керек. Бул чапандарды 2000-2500 сомго чейин сатып атам.Эми айыл болгондуктан элдин чөнтөгүнө карап базар баасынан арзаныраак койуп атам.”-деп билдирди Г.Шаршенбекова.


Гүлзат айым тиккен чапанды кийип жүргөн Табылгыты айылынын тургуну Чынарбек Абдылдаев чапандар сапаттуу тигилип жаткандыгын билдирди: “Чапан бул кыргыздын улуттук кийими болгондуктан, адамга кийүүгө ыңгайлуу, жылуу,шырылган. Баасы да чөнтөккө туура келет. Азыр кыргыздын улуттук кийимдери унутулуп калган болчу. Ал эми бул чапандардын тигилиши илгерки колоритке жооп берет.”-деп билдирди Чынарбек Абдылдаев.


Кара-Суу айылынын тургуну Венера Эпеева Табылгыты айылына чапан тиктирүүгө келген: “Чапандын мага жакканы биринчиден тизени жаап фасону өзгөчөлүгү. Ал эми экинчиден, баасынын арзандыгында. Базарга бара турган болсоң кыска эле чапандарды 2500 сомго чейин сатып алабыз. Бул жактан ошондой эле суммага өз каалооңо жараша тиктире аласың.  Гүлзаттын ишине ийгилик каалайм.”

Эгер Гүлзат айымдан чапан тиктирүүнү каалагандар болсо төмөндөгү номерге кайрылсаңыздар болот:0773-959-858

Даярдаган:Нуриза Рыскулова

“Мыкты аудио материал” сынагына