"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

№7 Т.Сатыбалдиев орто мектебинде 15- апрель «Экологиялык билим күнүнө карата жумалыктар өтүлө баштады.

6 Апрель 2018 жыл 20:28
Көрүүлөрдүн саны: 129

15-апрель «Экологиялык   билим күнүнө» карата 1-11-класстын окуучуларына ачык тарбия сабактар өтүлүүдө.

1-класстын окуучулары «Канаттуулардын эл аралык күнүнө» карата  2-а.б класстарынын окуучулары «Суу ресурстарынын дүйнөлүк күнүнө» карата 3-класстын окуучулары «Эл аралык канаттуулар күнүнө» карата жана  башка экологиялык багыттагы  класстык сааттар өтүлүүдө.


Жумалыкты өткөрүүнүн негизги максаты: окуучуларга, жаратылышты,  табиятты,  жер шаарындагы жалпы тиричиликти  коргоого үйрөтүү деп билдирди 2-б классынын класс жетекчиси Чынара Жусубакунова:

«Жумалыктын максаты, окуучуларга  табияттын ресурстарын пайдаланууга, аларды өнүктүрүүгө, табиятка аяр мамиле кылуу, жаратылыш, экология жөнүндө кенири маалымат алышты»,- дейт 3-класстын класс жетекчиси Жанаркүл Келгенбаева


жумалыкта  башка класстарда да экологиялык сабактар уланууда.  Ачык тарбия сабактарга ГЭФ-ПРООНдун «Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биотүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой  ресурстарын сактоо» долбоорунун Тогуз-Торо районундагы волонтеру  Алтынай Женишова келип катышты.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова