"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Келгиле, китеп окуйбуз» акциясы өткөрүлүп жатат.

7 Апрель 2018 жыл 20:32
Көрүүлөрдүн саны: 91

 

Сары-Булуң айыл аймагындагы Сары-Булуң айылдык китепканасы тарабынан «Келгиле, китеп окуйбуз» деген аталыштагы бир айлык акция өткөрүлүп жатат.

Бул тууралуу айылдык китепкананын башчысы Анара Мааметова төмөнкүлөрдү  билдирди: “2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата окурмандардын жан дүйнөсүн байытуу, китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында ар жуманын бейшемби күнү саат 11-00дө окурмандардын бардык категориялары менен бирдикте бир айлык китеп окуу акциясы жүрүп жатат Келиңиздер, китеп окуп руханий дүйнөбүздү байытып, келечектүү кадам жасайлы”

Бүгүнкү өткөрүлгөн акцияга келип жомок уккан окуучулардын ичинен Эвелина Жумабекова өзүнүн  ою жана уккан жомогу тууралуу бөлүшүп өттү. “Бүгүн бизге көптөгөн жомокторду окуп берди. Алардын ичинен мага “Акылдуу бала” жомогу жакты. Ал абдан кызыктуу экен. Мага жомоктогу баланын акылдуулугу жана акылман балага канча суроо берсе бардыгына туура жооп бергендиги абдан жакты”

Ошондой эле жомок угууга келген 3-класстын окуучусу Элмирбек Эсенаман уулу  билдирди: “Бүгүн бизге көп кызыктуу болду. Мага жомоктогу бала саат сайын чоңойгону жана элдер кудук казып жатышса аны бир колу менен алганы жакты. Анан бир жылкынын, бир койдун, бир уйдун, этин жеп алып, тойбой калдым деген жери абдан кызыктуу экен”

 Китеп- жан дүйнөнүн азыгы демекчи китеп окуу акциясы бир айга чейин уланат.

Даядаган: Азем Маратова

Мыкты макала сынагына