"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң айыл өкмөтүндө көп жылдык теректер таркатылууда

18 Апрель 2018 жыл 8:14
Көрүүлөрдүн саны: 128

Сары-Булуң айыл өкмөтүндө  айыл чарбасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча, элет элине көп жылдык теректер таркатылууда.Теректерди таратуу МЧС тарабынан 4гектар жерге отургузууга ылайыкталып, кыян жүргөндө туруктук берүүчү көп жылдык теректер келген-деп билдирди Улан Далбаев.

      Tal-terekter-tarkatyluuda

«Тогуз-Торо райондук токой чарбасы тарабынан 9200 даана көчөт келди. Бүгүнкү күндө  элге 2500 даанасы бөлүнүп берилди. Азыркы учурда айыл өкмөтүндөгү элдерге таратылып жатат.  Буткул Дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча 4000даана  көп жылдык теректер, өзгөчө кырдаалды алдын алуу максатында тигилет.»- дейт Улан Далбаев.

Таратылып жаткан теректерден алууга келген Кара-Суу айылынын тургуну  Жүзмамбетов Кубатаалы буларды билдирди:» Былтыр да ушул айыл өкмөттөн кара жыгач алып кеттим эле. Ошол кара жыгачтын элуу даанасы өстү. Тамыры менен болгон теректер жакшы өрчүп, бат чонойот экен. Эми быйыл дагы алдым. Быйыл 200 даана алдым. Муну алып барып тигип, өстүрүп, кийинки жылы мындан да көп алып тигем.»-деп билдирди Кубатаалы Жузмамбетов.

Ошондой эле айыл тургуну  Байболсун Кетиркеев да өз чарбасын көрктөндүрүү үчүн, терек алып кетүүгө келген: » Ушул теректерди токой чарбасы атайын айыл өкмөткө алып келген экен. Бул теректерди тиккиле деп атышат.  Тигип жаткан теректерибиз кийинки муундарга,элге-жерге пайдасы тийсе экен деген максатта тигип жатабыз»- деп өз ойун билдирди Байболсун Кетиркеев.

Бул убакка чейин да Райондук токой чарбасы тарабынан   көп сандагы теректер келип турган.

Даярдаган:   Нуриза  Рыскулова 

Мыкты макала сынагына