"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

№7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинде 9-10-11-класстын окуучуларына «Кесип тандоодо, багыт берүү» боюнча жолугушуу өттү

29 Апрель 2018 жыл 21:02
Көрүүлөрдүн саны: 60

Бул иш-чараны Ханнс Зайдель фондунун стипендианттары уюштурган. Бул тууралуу фонддун стипендианты Анара Калмырза кызы  билдирди:»Ханнс Зайдель фондунун Тогуз-Тородогу стипендианттары 2018-жылы «Ар бир кесип ардактуу»  деген темадагы 9-10-11-класстарга жолугушуу уюштурдук.

Негизги максатыбыз окуучуларга кесипти туура тандоо үчүн, туура багыт берүү үчүн уюштурганбыз. Ар бир эле адам кесипти туура тандаса, алдыга максат койсо,  анда ал адам сөзсүз түрдө өз максатына жетет.»-деп билдирди А.Калмырза кызы.



Ханнс Зайдель фондунун кийинки иш-чарасы 2018-жылдын июнь айынан баштап уланат. 2018-жылы №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебин жалпы 27 окуучу аяктайт.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова