"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Алиппе майрамы өткөрүлдү

29 Апрель 2018 жыл 23:01
Көрүүлөрдүн саны: 299

№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинде 1-класстын “Алиппе Сармерден”майрамы өткөрүлдү.

Бул тууралу 1-класстын жетекчиси Мэри Орозова буларды билдирди. “Алиппе Сармерден 1-классты жыйынтыктоо сабагы катары өткөрүлдү.Анын жүрүшүндө балдар “Шумкар”кыздар “Кыз-Бурак”болуп сармерден оюнун курушту. Эки тарап жаңылмач, акыйнек, айтышып, таймашышты.Ошондой эле бири-бирин куттуктап улуттук бийлерден бийлеп, кызыктуу жомоктордон аткарышты.“Тамгалар Манастан кеп салышат” деп ар бир тамгадан башталган манас айтышты.

Жыйынтыгында ар бир окуучуга мактоо баракчалары тапшырылды.

Даярдаган: Азем Маратова