"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң мультимедианын кабарчылары депутат айымга жолугушту

29 Апрель 2018 жыл 22:45
Көрүүлөрдүн саны: 65

Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын кабарчылары, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиевага жолугушту. 

Бул тууралуу Сары-Булуң мультимедианын кабарчысы Нуриза Рыскулова буларды билдирди. “Мен Аида Касымалиевага жолугушуу учурунда өзүмө көптөгөн жакшы кеңештерин ала алдым.Ошондой эле келечекте журналист болууну каалагандыктан жунралистика  тууралу дагы жакшы маалыматтарды берди”.

Ал эми мультимедианын координатору Анара Мааметова буларга токтолду. “Кабарчыларыбыз журналистика багытына кызыккандыктан Аида Касымалиевага жолугуп, маектешип, жакшы кеңештерди алышты”

Даярдаган: Азем Маратова