"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо 60жаштан жогорку аксакалдар арасында волейбол оюну болуп өттү.

12 Май 2018 жыл 20:41
Көрүүлөрдүн саны: 105

Тогуз-Торо районунун  Макмал орто мектебинде аксакалдар арасында зоналдык этап өттү. Оюнда 5айыл аймактын аксакалдары ат салышып, аягында Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу курама командасы 2-орунду ээлешти.

Волейбол ойноп жаткандар арасында мугалим жана айыл тургундары бар.

Бул туралуу  айыл аймактын аскер учет башчысы Мурат Бердалиев билдирди: «Оюн кызыктуу өттү. Бардык командалар жакшы оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында Кара-Суу командасы 2-орунду ээлеп, райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы жана Сары-Булуң айыл өкмөтү тарабынан үч миң сом акчалай сыйлыктар  менен сыйланышты”- деди ал.

 

               Даярдаган:  Нуриза Рыскулова