"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Жергиликтүү тургундар ижарага жерди кантип ала алышат» деген тамада Сары-Булуң мультимедиа борбору түз эфир уюштурду.

12 Май 2018 жыл 23:45
Көрүүлөрдүн саны: 94

Сары-Булуң айыл аймагында жергиликтүү тургундардын ижарага жер алуусунда көйгөйлөр көп жаралгандыктан «Жергиликтүү тургундар ижарага жерди кантип ала алышат » деген теманын үстүндө маек курушту.

      Efirge-11.05.18-1

Бул эфирге  Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков жана айыл тургуну Чынара Конурбаева келди.

Маектин жүрүшүндө жер адиси жер боюнча ченемдик укук актылар тууралуу маалымат берди жана айыл тургунун суроолоруна, ошондой эле айыл тургундары  тарабынан келип түшкөн суроолорго да жооп берди.


Эфирдин жүрүшүндө «Ижарага жерлер адилеттүү берилеби» деген суроонун  негизинде айыл тургундарына жүргүзүлгөн сурамжылоо жана ижарага жер берүү боюнча атайын даярдалган  баян уктурулду.

Даярдаган: Азем Маратова