"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Мектеп кулап калуу коркунучунда турат

14 Май 2018 жыл 12:04
Көрүүлөрдүн саны: 79

  Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби кулап калуу коркунучунда турат.

Бул тууралуу мектеп жетекчиси Венера Эпеева:”№7  Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби 1958-жылы ашар жолу менен курулган.1992-жылы Токтогул районунда болуп өткөн катуу жер титирөөдөн запкы алып дубалдардан 4-5 сантиметрге чейинки жаракалар кеткен.2008-жылы Кыргыз  Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министирлиги тарабынан 5 класс жараксыз,2010-жылы мектеп толугу менен жараксыз деп табылып,2014-жылдын июль айы менен 225 орундуу 58 миллион 800 000 (миң) сомдук мектептин  курулушу башталган.                                                                      4 жылдан бери жылына 4 миллион сом гана каралып келет,бүгүнкү күндө  окуу корпусунун 80% бүткөрүлүп турат.Мектепти куруп жаткан Жалал-Абад СМР 4 курулуш компаниясына кайрылсак 2018 окуу жылына акча каражаты бөлүнгөн эмес деген жооп берүүдө.Мектептеги акыбал өтө оор.

Ар бир класста 5-9 сантиметрге чейинки жаракалар кеңейип күн чыгыш тарабындагы дубал 5 сантиметрге ооп калды,окуучуларды башка жакка которолу десек айыл ичинде жалгыз мектеп гана бар, же клуб же ФАП жок. Бар болсо да  алардын имараты авариялык абалда. Окуучулар илгери үмүт менен коркунучта билим алып жатышат”-деп билдирди.

 

Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби 1958-жылы курулган.Бүгүнкү күндө мектеп имаратынын курулгандыгына 60 жылдын жүзү болду,азыркы күндө авариялык абалда.

 Даярдаган: Азем Маратова