"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

“ Кош бол башталгыч класс “кечеси өткөрүлдү.

19 Май 2018 жыл 21:55
Көрүүлөрдүн саны: 248

№7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 4-класстын “Кош бол башталгыч класс” аттуу кечеси болуп өттү.

Бул тууралуу 4-класстын класс жетекчиси Фарида Абдрасулова буларды билдирди: “ Быйыл башталгыч классты жыйынтыктап жатышат.  Ошол себептүү ушул 4-класска чейинки алган билим-тарбияларын, ата-энелерге, мугалимдерге отчеттук  кече коюп беришти. Анын жүрүшүндө окуучулар бардык предметтер менен байланышкан ырларды, бийлерди бийлешти.

Ошондой эле ар бир окуучу  келечекте кыялданган кесиптеринин формаларын кийишип, ошол кесиптери тууралуу айтып беришти. Бул кече окуучулардын төрт жыл бою алган билимдерин жыйынтыктоо максатында өткөрүлдү.”

Жыйынтыгында окуучуларга мектеп директору Венера Эпеева  куттуктоо сөзүн сүйлөп, ар бир окуучуга ардак баракчаларын тапшырды.

Быйылкы жылы башталгыч классты жалпы 16 окуучу аяктайт.

Даярдаган:Азем Маратова.