"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо “ Энелер күнүнө арналган “Таазим сага, күн мээримдүү энелер!” аттуу салтанат болуп өттү.

20 Май 2018 жыл 20:52
Көрүүлөрдүн саны: 97

Бул кече 2018-жылдын 18-майында Тогуз-Торо райондук маданият үйүндө  өткөрүлдү. Бул салтанатка Тогуз-Торо, Сары-Булуң, Каргалык, Көк-Ирим, жана Атай айылдарынан энелер келип катышышты. Жалпысынан  айыл аймактардан 200 эне чакырылган.

Раймамадминистрациясы тарабынан 6 энеге номинациялар тапшырылды. Ошондой эле  бул салтанатта кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюшулган.  Кол өнөрчүлүк  көргөзмөсүно катышкан  5 айыл өкмөттөрдүн, Маданият бөлүмүнүн  кол өнөрчүлөр бирикмесине жана №45 кесиптик лицейинин уз айымдарына акчалай сыйлык тапшырылды. Салтанатка демөөрчүлүк кылып Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн тургуну Урмат Токтожумаев тарабынан 100 энеге белекке жоолук тартууланды.

Сары-Булуң айыл аймагынан жалпы 30 эне барган. Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова төмөнкүлөрдү билдирди: “Ар бир энеге айыл өкмөтү тарабынан 300 сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Сары-Булуң айылынын тургуну Дүйшөкан Абдыманаповага “Кадырман эне” номинациясы ыйгарылды. Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 15 миң сом акча каражаты каралды.”

Даярдаган:Нуриза Рыскулова.