"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунда суу жээктерин бекемдөө иши жүрүп жатат

22 Май 2018 жыл 8:59
Көрүүлөрдүн саны: 58

Райондун Сары-Булуң айыл аймагы аркылуу агып өткөн Нарын дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп айдоо аянттарын алып кетип жаткандыктан 70 метр аралык суу жээгин  таш менен тосуу иш чарасына баш аягы 6 техника тартылгын. Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынын башчысы Амангелди Токтоналиев буларды билдирди: « Сары-Булуң айыл өкмөтүнө караштуу Нарын суунун жээги  буга чейин, элдин үлүшүн жеп кеткен. Жалпысынан алып айтканда 32 га жерди жеп кеткен.

 

Буга чейин дагы иштер жүргүзүлүп жээги тосулган. Бүгүнку күндө аба-ырайы кескин өзгөрүлуп кеткенине караштуу, жаан-чачын көп болуп суунун деңгээли  көтөрүлуп,  тосулган жердин үстүнөн ашуу коркунучтары туулган. Ошого байланыштуу бүгун Райондук Мамлекеттик Администрация МЧС менен биргеликте айыл өкмөттүн эмгек жамааты менен  бирдикте иш жүргүзүлүп жээкти тосуу, бийиктетүү иштери жүргүзүлдү.”

Ошондой эле Сары-Булуң айылынын тургуну Үчкемпир Чапкынчиев суунун деңгээли көтөрүлүп  өзүнүн дыйканчылык жерин алып кеткендигин билдирди: “Бул суу жээктери көп жылдардан бери эле тосула элек болчу. Көп элдердин жерлерин алып кетти.  Быйылкы келген өкмөтүбүз аябай эле аракет кылып жатат. Суу жээктерин бекемдетип жатат.”

Суу ташкындын алдын алуу иш чарасы  өзгөчө кырдаалдар министирлиги менен биргеликте журүп жатат. Ага “ Чайна Роуд Энд Бридж Корпорейшн Ин” ишканасынын техникасы датартыоган. Соңку  жылдары суу ташкынынан Сары-Булуң айыл аймагында 32 га айдоо жер аянтын суу жууп кеткен.

Даярдаган:Азем Маратова.

“Мыкты  аудио сюжет” сынагы үчүн.